Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:49

АКШнын аскерий кемеси Ормуз кысыгынан өттү


АКШнын аскердик кемеси Ормуз кысыгы аркылуу Перс булуңуна келди. АКШнын V- деңиз флотунун өкүлүнүн маалымдашынча, USS Abraham Lincoln кемеси кысык аркылуу демейдегидей эле сүзүп өттү. Британиянын коргоо министрлигинин билдиришинче, АКШ согуштук кемесин кысык аркылуу британдык жана франциялык кемелер коштоп жүрдү.
Ормуз кысыгын жаап салуу, АКШнын коргоо министри Леон Панеттанын айтышынча, “кызыл сызыкты тепсеп өтүү” болмок.
Азыр региондо АКШнын эки аскердик кемеси бар. Иран бир нече күн илгери АКШлык аскерий кемелер Ормуз аркылуу Перс булуңуна кирбесин деп эскерткен.

XS
SM
MD
LG