Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:00

Нарын: Катуу сууктан мектептер жабылды


Катуу сууктан Нарын облусунун айрым жерлеринде бүгүнтөн тарта мектептер убактылуу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов кабарлады. Анын айтымында, Нарын шаарынын, Ат-Башы, Ак-Талаа жана Жумгал райондорунун орто мектептеринде келерки дүйшөмбүгө чейин окуу болбойт. Соңку апта Кыргызстанда аба ырайы өтө суук болду. Суусамырда абанын температурасы 40 градустан ашып, ал жакта да айрым мектептерде окуу убактылуу токтогон. Нарында суук 30 градустан ашууда. (RK)

XS
SM
MD
LG