Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:33

"Түндүкэлектр": Тоң жер менен алышкан жумушчуларга оор


Катуу сууктан электр энергиясын керектөө Бишкекте кескин жогорулап, авариялык өчүрүүлөр болуп жатат. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" бөлүштүрүү компаниясынын маалымат кызматынан кабарлашты. Жер астынан өтүүчү чубалгыларды оңдоодо аталган ишкананын кызматкерлери үчүн тоң жерди бир метрдей казып иштөө өтө оор болуп жатканы айтылды. Ал үчүн атайын техника пайдаланылууда.

Бишкекте электрди керектөөнүн нормасы 10,8 млн кВт. саат болсо, өткөн суткада 15 млн кВт. саатан ашты. Ашкере күч келгендиктен жарык өчүп, оңдоо иштери талап кылынууда. Ушу тапта шаардын айрым көчөлөрүндө электр жок. (RK)

XS
SM
MD
LG