Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:24

Талас: Айылдарды суу каптоо коркунучу бар


Талас облусунун айрым жерлеринде катуу сууктан сууларда муз тоңуп, айылдарды каптоо коркунучу пайда болууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекиловдун айтымында, Манас районунда Кичи-Капка каналынын 2,5 чакырым аралыгында муз тоңуп, суунун нугу калк жашаган аймакка бурулуп, суу каптоо коркунучун туудурган. Муздан тазалоо иштерине жергиликтүү элден 15 адам тартылып, каналдын 400 метр аралыгы тазаланган. Жумуш уланууда.

Бакай-Атада Үр-Марал, Кара-Коюн жана Чийим-Таш дарыяларында муз тоңуп, башкы суу бөлүштүргүчтү суу алып кетүү коркунучун туудурууда. Айыл тургундарына коркунуч жок, суу бөлүштүрүлүүчү жерде жергиликтүү эл тарабынан күзөт уюштурулган.

Талас районунда Көпүрө-Базар айылындагы Талас дарыясында суу тоңуп, дамбадан суу ашып, Таштаналы көчөсүн суу каптап кетүү коркунучун пайда кылган. Жергиликтүү эл күзөттө. (RK)

XS
SM
MD
LG