Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:58

Ош: Абактагылардын жакындары президентке кайрылат


Оштогу түрмөдө ачкачылык жарыялагандардын туугандары президентке жана Жогорку Кеңешке кайрылуу жолдошот. Түрмөдөгү абал менен таанышуу үчүн коомдук комиссия да түзүлөт.

Мындай чечим абактагылардын жакындары менен Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовдун жолугушуусунда кабыл алынды.

Кайрылууда алар түрмөлөрдөгү зомбулукту токтотуп берүүнү суранышат. Коомдук комиссиянын курамына акыйкатчынын, бейөкмөт уюмдардын, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана абактагылардын туугандары кирет.

Бүгүн эртең менен мэриянын алдына Ош түрмөсүндө ачкачылык жарыялап отургандардын 70ке жакын тууганы келип, нааразылык акциясын уюштурушкан. Аларды шаар башчы кабыл алган.

Жолугушуунун башында жалпыга маалымдоо каражат өкүлдөрүнүн киришин каалабаган мэр сүйлөшүүнүн аягында журналисттердин катышуусуна уруксат берди.

Оштогу 25-жаза аткаруу мекемесинде камакта отурган 403 адамдын 300дөн ашууну 18-январдан бери ачкачылык акциясын өткөрүшүүдө. (SE/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG