Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:33

Хорваттар Евробиримдикке кирүүнү колдоду


Борбор Загребден түшкөн кабарларга караганда, жекшембидеги добуш берүүгө катышкан жарандардын 66% Хорватия Евробиримдикке кошулушун жактады.

Референдумга добуш берүүгө укуктуулардын 47% келген. Евробиримдик Хорватияны референдумдун ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, бул жалпы Балкан чөлкөмү үчүн жакшы жышаан экенин белгиледи.

Референдум алдында Хорватиянын Евробиримдикке кошулуусун жактагандар мындай кадам жумушсуздук дэңгээли 17% жеткен өлкөнүн экономикасына көмөктөшөрүн айтышкан.

Оппоненттер болсо айрым мүчөлөрү банкрот болушу менен күрөшүп жаткан биримдикке кирүү менен Хорватия эч муратка жетпей турганын жүйөө тартышкан.

Евробиримдик менен сүйлөшүүсүн алты жыл мурда баштаган Хорватия шаркетке 2013-жылы 28-мүчө болот.

XS
SM
MD
LG