Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:58

Евробиримдик Иранга каршы санкциясын кеңейткени жатат


Шаркеттин тышкы иштер министрлери дипломаттардын айтымында, Брюсселдеги бүгүнкү жыйынында Ирандан мунай импорттоону токтотууну макулдашып, бул өлкөнүн Борбордук банкына санкция киргизери күтүлүүдө.

Биримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Кэтрин Эштон жыйын алдында санкциялар Иранга ал талаштуу өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөрдү жандандыруусу үчүн кысым көргөзүүгө багытталганын белгиледи:

- Биз Борбордук банк менен мунай экспортуна (Ирандын) багытталган кошумча санкцияларды талкуулап, аягына чыгарабыз. Бирок мен дагы бир жолу кайталап кетким келет, бул - эки жактуу мамилеге жетишүү аракетинин бир бөлүгү. Санкциялар менен кысым жасоо - Иран биздин сүйлөшүү столуна келүү жана жолугуу жөнүндөгү өтүнүчүбүзгө олутуу маани беришине аракеттенүү жана буга ынануу.

Иран өзөктүк программасы тынчтык максатты гана көздөрүн ырастаса, Батыш өлкөлөрү жана эл аралык расмий өкүлдөр ал өзөктүк курал жасоону максат кылат деп кооптонушат.

XS
SM
MD
LG