Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:55

Кыргызстандан бала асыроо боюнча уюм аныкталды


Кыргызстандан чет өлкөлөргө бала асырап, алып кетүү иштери менен алектенүү укугу америкалык "Кристиан Уорд Эдопшн" коммерциялык эмес корпорациясына берилди. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Социалдык өнүгүү министрлигинен кабарлашты. Жалпы сынакка АКШдан, Испаниядан, Канададан жана Нидерланддан 15 компания катышкан. Тиешелүү мекемелерден текшерүүдөн өтүп, ата-энеге бала эмес, балага ата-энени тандоо принциби боюнча иштеген бул уюм сынакты жеңди. "Кристиан Уорд Эдопшн" соңку 10 жыл ичинде 31 баланы асыроого катышкан. Эми ал Кыргызстандан алып кете турган асыранды балдар боюнча алардын жаңы үй-бүлөсү менен бирге кыргыз өкмөтүнүн алдында бир катар милдеттенмелерди өзүнө алды. (RK)

XS
SM
MD
LG