Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:46

Пакистан армиясы АКШнын тыянагын четке какты


Пакистан армиясы АКШнын былтыр 26-ноябрда НАТОнун пакистандык 24 аскерди мерт кылган аба соккусу боюнча тыянагын четке какты. Ооган-пакистан чегинде болгон бул окуя АКШ менен Пакистандын алакасын эң төмөнкү чекке түшүргөн эле.

Пакистан армиясынын дүйшөмбү күнкү билдирүүсүндө айтылгандай, АКШнын иликтөө баяндамасынын “бир нече бөлүгү жана тыянактары” “факты жагынан туура эмес”.

АКШ декабрда жарыялаган баяндамада чек арадагы инцидент үчүн жоопкерчилик АКШнын да, Пакистандын да күчтөрүнө жүктөлгөн. Пакистан армиясынын пикиринде, инцидент үчүн Пакистан армиясына да жарым-жартылай жоопкерчиликти жүктөө “адилетсиз жана кабыл алынгыс”.

Пакистан НАТОнун жаңылыш аба соккусунан 24 аскери мерт болушуна Ооганстандагы АКШ баштаган күчтөргө өз аймагы аркылуу жүк ташылуусуна тыюу салуу жана АКШны учкучсуз башкаруудагы учактар үчүн пайдаланылган аба базасын бошотууга мажбурлоо аркылуу жооп берген.

XS
SM
MD
LG