Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:31

АКШ Иран багытындагы ЕБнын кадамын жактырды


Европа Биримдигинин Ирандан мунай импорттоону тыйуу боюнча макулдашуусун Кошмо Штаттар колдоду. Ирандын талаштуу ядролук программасын же уранды байытуусун токтотуу максатында Биримдиктин тышкы иштер министрлери дүйшөмбү күнү Ирандан мунай сатып алууну 1-июлда мурдакы келишимдердин мөөнөтү бүткөндөн кийин токтотолу деп макулдашкан. Евробиримдиктин санкциясына ылайык мунайды импорттоону токтотуудан башка уюмга мүчө 27 өлкөдөгү Ирандын борбордук банкына таандык акчалар жана эсептер убактылуу камакка алынаары пландалууда.

Батыш Ирандын ядролук программасы ядролук бомбаны жасоону көздөйт деп чочуйт. Ирандын ырасташынча, уран тынчтык максатында гана байытылууда.

XS
SM
MD
LG