Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:39

Абакта оозун тиккендердин саны 400дөн ашты


Бишкектеги 1-тергөө абагында 380, Петровкадагы 8-түзөтүү колониясында 61 адам оозун тигип алышты. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынын басма сөз борборунан билдиришти. Маалыматка ылайык, оозун тиккендер тергөө абагында ээн-эркин жүрүп, камералардын ачык болушун талап кылып жатышат. Ошондой эле бир катар абактарда ачкачылык уланууда. Акыркы күндө ачкачылык жарыялаган 115 адам дарыгерге кайрылууга мажбур болушту. Учурда биринчи тергөө абагында 260 адам тамак ичип жатат. Кечээ тамак ичкендердин саны 221 болчу.

Акыйкатчы Турсунбек Акун оозун тиккендер Ново-Покровкадагы 3-түзөтүү колониясында да бар экенин “Азаттыкка” билдирди. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG