Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:09

Акмат Бакиев ооруканага жатты


№35 жатак абагында мөөнөтүн өтөп жаткан Акмат Бакиев Бишкектеги үчүнчү ооруканага жатты. Ооруканадан “Азаттыктын” кабарчысына берген маегинде өпкөсү сезгенип кеткендиктен дарыгерге кайрылганын билдирди. Ал 20 күндөн бери жатак абактан эч кайда чыгарбай кармалып келгенин, бул мыйзамга каршы келерин билдирүүдө.

Акмат Бакиев январдын башында жатак абагына чыгарылган. Жаза аткаруу кызматы ал жатак абактын карантин бөлүгүндө 4-январдан тарта 10 күн өткөрөрүн, андан кийин жумуш таап, маянасынын бир бөлүгүн абакка которуп турушу керектигин жана жумасына бир жолу келип каттоодон өтүп турарын кабарлаган.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы Акмат Бакиев 2010-жылдын май айында тополоң уюштурган, улут аралык араздашууну көкүткөн, курал жаракты мыйзамсыз алып жүргөн, тоногон жана жерлерди мыйзамсыз басып алган деген айыптоолор боюнча Жалал-Абад шаардык соту тарабынан 7 жылга кесилген. Ал өзү бул айыптоолорду четке кагып келет. (KKs)

XS
SM
MD
LG