Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:57

Дыйкандарга 7 пайыздык кредит бериле баштайт


Бул тууралуу премьер-министр Өмүрбек Бабанов өкмөттүн бүгүнкү жыйынында кабарлады. Маалыматка ылайык, быйыл өкмөт кредит үчүн 1 миллиард сом бөлгөнү жатат. Анын жарымы бир жылдык мөөнөт менен өсүмдүк өстүрүүгө бөлүнсө, жарымы эки жылга малчылык менен алектенген жарандарга берилет. Премьер-министр Өмүрбек Бабанов 7 пайыздык кредит берүү мүмкүн экенин, былтыр 9 пайыздык кредиттер берилгенин кошумчалады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG