“Коста Конкордия” кемесинде каза тапкан адамдардын саны 16 кишиге жетти. Суу астында сүзүүчүлөр чөгүп кеткен дагы бир аялдын сөөгүн алып чыгышты. 13-январда кырсыкка учураган кемедеги адамдардын кеминде 18и тууралуу маалымат жок. Бортунда 4 миң 200дөй киши бараткан люкс лайнер Италиянын жээгинде таштарды сүзүп алып, чөгө баштаган. Капитан Франческо Скеттино адам өлүмүнө алып келген кырсык үчүн айыпталууда.