Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:14

Россияда бала төрөгөндөрдөн аборт жасаткандар көп


Россияда жылына 2 миллиондон 2, 5 миллионго чейин аборт жасалат же ушунча аял боюнан алдырат. Бул жөнүндө Россиянын демографиялык изилдөөлөр институтунун директору Игорь Белобородов билдирди. Анын сөзүнө караганда, Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы жасалган аборттордун теңин гана көрсөтөт. Себеби, менчик клиникаларда жасалган бойдон алууларды камтыбайт. Өткөн 2011-жылы Россияда 1, 7 миллион наристе төрөлгөн. Ошондуктан, Белобордовдун айтышынча, абортко жана балдардын төрөлүүсүн көзөмөлдөөгө мамиле өзгөрмөйүн, Россиянын калкы азая берет.

XS
SM
MD
LG