Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:06

Эртең айрым аймактарда кар жаайт


Аба ырайын маалымдоочу борбордун билдиргени боюнча, 26-январда Кыргызстандын айрым аймактарында кар түшөт. Түнкүсүн Ысык-Көл жана Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, кээ бир райондордо 14 метрге, Ысык-Көл кылаасында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз -3…+2,
Талас облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…-5,
Баткенде түнкүсүн -2…-7, күндүз -2…+3 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4…-9, күндүз -1…+4,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -5…-10, градус, күндүз -2…+3,
Нарында түнкүсүн -18…-23, күндүз -7…-12,
Суусамырда түнкүсүн -29…-34, күндүз -17…-22,
Тоолордо түнкүсүн -19…-24, ал эми күндүз -8…-13 болот.

Бишкек шаарында дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Эртең менен кечинде каар жаап, асманды ала-булут каптайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -4…-6 градус суук, күндүз 0…-2 градус суук болот. (KKs)

XS
SM
MD
LG