Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:00

Диний уюмдарды салыктан бошотуу каралууда


Диний уюмдарды жер салыгынан бошотуу демилгеси Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында колдоо таап, мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Парламенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, "Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору жарандардын дин тутуу эркиндигин камсыз кылуу, диний уюмдарга көмөк көрсөтүү максатында иштелип чыккан.

Мыйзам демилгечилеринин бири депутат Улукбек Кочкоровдун билдиришинче, алгач мыйзам долбоорунда мечиттер менен чиркөөлөрдү, медреселерди жер салыгынан бошотуу жагы каралган. Бирок биринчи окуунун жүрүшүндө Баш мыйзам жоболоруна кайчы келет деген жүйө менен бардык диний уюмдарды салыктан бошотуу жобосун киргизүүгө туура келди. Депутат Дастан Бекешев диний уюмдарды салыктан бошотуу менен, мамлекеттик казына жылына 600 миллион сомдон куру каларын белгиледи. (KKs)

XS
SM
MD
LG