Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:45

Индия, Пакистан: түркмөн газын ташуу планында жылыш бар


Бүгүн Нью-Делиде пакистандык кесиптеши менен жолугушууда Индиянын Мунай министри Жайпал Редди түркмөн газын Ооганстандын аймагы аркылуу ташуу сүйлөшүүсүндө көп жылыш жасалганын билдирди. Пакистандын мунай министри Азим Хусейн Индия менен Пакистандын бирдиктүү стратегиясы калыптанып жаткандыгын, ташып өткөрүүнүн акысы учурда Ооганстан менен талкууланып жаткандыгын бышыкташты. Ооган президенти Хамид Карзай мунун алдында Ашхабадда болуп, Түркмөнстандын түштүк-чыгышындагы Даулет-Абад газ кенинен жыл сайын 30 миллиард куб метрин ташуучу 1700 чакырымдык ТАПИ жолун талкуулаган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG