Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:07

Назианын акыркы ыры


Назиа Икбал
Назиа Икбал

Пакистандык ырчы Назиа мындан ары ырдаганды коюп, намазга жыгылаарын жарыялаганы анын көптөгөн күйөрмандары үчүн жагымсыз жаңылык болду.

Дүйнөдөгү эң белгилүү пуштун ырчыларынын бири мындан ары шариат жолуна түшүп, ырдаганды токтотоорун жарыялаганы анын көпчүлүк күйөрмандары жана колдоочулары үчүн такыр күтүлбөгөн жаңылык болду. Муну ачык эле улуттук трагедия катары баалап жаткандар да жок эмес.

Назиа Икбал 21-январда Дубайдагы концертинде элге кайрылып, бүгүн алар ырчыны акыркы ирет көрүп жатышканын, мындан ары ал “чыныгы мусулман аял катары музыкадан баш тартаарын, бетин да көрсөтпөй, паранжа жамынаарын” жарыялады.

Пакистандын батышындагы Сват өрөөнүнөн чыккан ырчы Назиа 2005-жылдан бери Бириккен Арап Эмираттарында, Дубайда жашайт.



Анын өзүнүн эне тили пуштуда, урду, фарси, пунжабиде жазылган альбомдору Пакистанда жана пуштуда сүйлөгөн аймактарда, ошондой эле, Ооганстанда кеңири белгилүү.

Азыр эми Назиа Пакистанда медресе ачаарын, мекенине кайтаарын айтты.

Жумурияттын Балучистан провинциясынын борбору Кветада жашаган Шабана ырчы Назианын узактан берки колдоочуларынын бири.

"Назиа Икбалдын чечимине аябай көңүлүм чөгүп турат, - дейт Шабана. - Ушунчалык жаман болуп, ыйлагым келип турат".

Ал эми пакистандык радио-продюсер жана акын Лаик Зада Лаик мындан да курч сүйлөп, Назианын сахнадан кетиши пуштундар үчүн “улуттук трагедия” деди.

"Ырга чабуул"

Дегинкиси, пуштуда ырдаган бир топ белгилүү ырчылар соңку жылдары кээде күтүүсүз, кээде трагедиялуу окуялардан кийин ырчылыгын токтотушкан.

Айман Удас деген ырчы кызды бир канча жолу радикал исламчылар коркуткандан кийин, 2009-жылы өзүнүн бир тууган агасынын колунан өлдү. Ошол эле жылы белгилүү ырчы жана бийчи Шабананы талиптер өлтүрүп кетишкен.

Бир жылдан кийин Шахенса Бача деген ырчы “эми чыныгы исламдын жолунда жашайм” деп, ырчылыктан кеткен.

Алардын артынан Шакила Наз жана Фарида Хан деген ырчылар да диндин айынан сахна менен коштошту.

Жакындан караганда...

Чыныгы мусулман болом деген ниетте сахнадан баш тарткан ырчылар мурдагы постсоветтик аймактагы Кыргызстанда да бар.

90-жылдары “Чүй кызы” деген ыры менен кыргызстандыктардын сүймөнчүлүгүнө айланган Мухтар Атаналиев динге берилип, сахнадан кеткени айтылып жүрөт.

Ырчы эмес, бирок өзгөчө таланты менен заматта таанылган актриса Айжан Акылбекова башына жоолук салынып, намаз окуй баштагандан кийин, театрдан, кинодон кеткен.

Тажикстанда болсо эки белгилүү ырчынын ырчылык карьерасы ушундай аяктады. Алардын бири – Малика Саидова.

Ал Меккеге ажылыкка барып келгенден кийин эле ырдагысы келбей калган. Ага чейин Манижа Давлатова да турмушка чыккандан кийин, исламга катуу берилип кеткени айтылган болчу.

Исламда фундаменталисттик багыттагы кыймылдар музыкага, сүрөт тартууга, скульптурага, иши кылып, искусствонун бир топ түрлөрүнө тыйуу салынганын чечмелеп жүрүшөт.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG