Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:12

Четтен утуп келген сыйлыктан салык алууга каршы акция өтөт


Бүгүн өкмөт үйүнүн алдына активист Өндүрүш Токтонасыров бийчи Атай Өмүрзаков менен ырчы Гүлжигит Калыковдун чет өлкөдөн алган акчалай сыйлыгынан салык алууга каршы нааразылык акцияга чыгат. Токтонасыровдун айтымында, мыйзамда сыйлыктан киреше катары салык алуу жобосу каралган эмес.

Экономикалык тескөө жана монополияга каршы саясат министри Темир Сариев чет өлкөдөгү сынактарда баш байгени алып, ири өлчөмдө акчалай сыйлык алган ырчы-бийчилер салык төлөшү керек деп чыккан. Премьер-министр Өмүрбек Бабанов 25-январда өкмөт жыйынында олимпиадалардын, эл аралык сынактардын жеңүүчүлөрү, дүйнөлүк илимий сыйлык алгандарды салыктан бошотуу үчүн Салык кодексине өзгөртүү киргизилиши керектигин айткан.

Атай Өмүрзаков Словакиядагы сынакта 100 миң евро, ал эми Гүлжигит Калыков Түркиядагы конкурста 30 миң доллар утуп алган болчу. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG