Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:08

Холмирзаевдин өлүмү боюнча соттук териштирүү уланат


Бүгүн Сокулук райондук соту Орусиянын жараны Усманжан Холмирзаевдин өлүмүнө шектелген Базар-Коргон ички иштер бөлүмүнүн төрт кызматкеринин ишин карайт. Бул тууралуу “Кылым шамы” бейөкмөт уюму кабарлады.

2011-жылы август айында Базар-Коргондо Холмирзаевдин ур-токмоктон мерт болгону боюнча 4 милиционерге кылмыш иши козголгон болчу. Айыпталып жаткандар күнөөсүз экенин, Холмирзаев шатыдан кулап кетип алган жараатынан каза тапканын айтышууда.

Холмирзаевдин өлүмү боюнча соттолуп жаткан эки милиционердин баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн эле. Маркумдун жубайы Зулфия Холмирзаева мындай чечимге каршы болуп, сотко арызданган. Арыз канааттандырылган эмес. Соттук териштирүүнүн Базар-Коргондо өтүүсүнө соттолуучулардын тарапкерлери уюштурган нааразылык акциялар тоскоолдук кылгандыктан, Сокулукта өткөрүү чечими кабыл алынган. (EBM)

XS
SM
MD
LG