Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:05

RSF: Журналисттер маалымат үчүн кымбат төлөшөт


“Көпчүлүк маалымат каражаттары демократияга умтулууларды же оппозициялык кыймылдарды чагылдыруу үчүн кымбат төлөшөт”. Парижде жайгашкан Чек арасыз кабарчылар (Reporters without borders) уюму “Маалымат эркиндигинин көрсөткүчү” жөнүндө жарыялаган 10-жылдык отчетто ушундай тыянак айтылат.

Докладда 2011-жыл үчүн элдик чыгууларды “айоосуз басуу” деген сөз мүнөздүү болгону, “тоталитардык жана репрессиячыл режимдер үчүн жаңылыктарды жана маалыматты көзөмөлдөө бийликти сактоонун жолу” экени белгиленет.

Сөз эркиндиги 179 өлкөнүн ичинен Түркмөнстан, Түндүк Корея, Эритерияда эң начар абалда деп аныкталат. Отчетто Иран 175, Беларус 168, Азербайжан 162 орунда. Маалымат каражаттары эң эркин өлкө - Финляндияга бул тизмеде 1-орун берилген.

XS
SM
MD
LG