Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:24

Иран риалды жөлөй баштады


Иран акчасы риалдын кунун сактоо үчүн банктарда сакталчу аманат акчага төлөнчү киреше көбөйтүлдү. Өлкөнүн экономика министринин айтышынча, президент Махмуд Ахмединежад депозиттер үчүн 21 пайыз кирше төлөө жөнүндөгү жарлыкка кол койду. Мартта парламент алдында отчет бергени жаткан Ахмединежад буга чейин банктардын процентин көтөрүүгө каршы болуп жаткан. Улуттук банктын жетекчилиги Батыш Ирандан мунай импортоону токтоткону жатканга байланыштуу экономикалык өсүү басаңдап, риал начарлайт деп кооптонууда. Иран акчасы - риал акыркы бир айда 50 пайызга арзандады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG