Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:15

Apple - АКШнын эң чоң компаниясы


Маалымат технология тармагында иштеген Apple корпорациясы капиталынын көлөмү боюнча килейген Exxon-Mobil корпорациясынан озду. Шаршемби күнгө карай, “Эпплдын” жалпы капиталы 415 миллиард долларга жетти жана АКШдагы эң чоң компания болуп калды.

Мунай тармагында иш жүргүзгөн “Эксон-Мобилдин” капиталы 1 пайызга төмөндөп, 414 миллиард долларды түздү. Exxon-Mobil 2005-жылдан бери Кошмо Штаттардагы эң чоң компания. Августта кыска убакытка “Эпплди” алдыга койо берген. Үчүнчү орунда жалпы капиталы 247 миллиард долларга тете Microsoft компаниясы турат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG