Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:28

Абактарда оозун төөнөгөндөрдүн 46сы акциясын токтотту


Бүгүнкү күндө Кыргызстандын абактарында оозун төөнөп, тамак ичүүдөн баш тартып жаткандардын саны 1319 адам. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын маалымат катчылыгынан кабарлашты. Соңку эки күндө 1365 киши оозун төөнөгөн. Алардын 46сы нааразылык акциясын токтотуп, тамак иче башташты. Ачкачылык акциясына катышып жаткандардын жалпы саны 6680 киши. 638и медициналык жардам сурап кайрылган. Дарылоого алынган 162 кишинин үчөөнүн абалы оорураак экени айтылууда. Жаза аткаруу кызматынын маалыматы боюнча, оозун төөнөгөндөрдүн көпчүлүгү жаштар. Сураштырганда алар кыйноого кабылганын, мындай кадамга өз ыктыяры менен эмес, күч колдонулгандыктан барганын айтышкан. (RK)

XS
SM
MD
LG