Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:39

Түрмөлөрдөгү кырдаалды атайын топ иликтейт


Премьер Өмүрбек Бабанов 26-январда күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен абактардагы кырдаалды талкуулады. Өкмөттүн маалымат кызматынын билдиришинче, анда Бабанов түзүлгөн абалдан тезирээк жөнгө салууну тапшырды. Жыйын соңунда күч түзүмдөрүнө биргелешкен ыкчам иликтөө тобун түзүүлөрү айтылды.

Жаза аткаруу кызматынын соңку маалыматы боюнча, абактарда ачкачылык жарыялагандардын саны 6680 киши. 638и медициналык жардам сурап кайрылган. Дарылоого алынган 162 кишинин үчөөнүн абалы оорураак экени айтылууда. Оозун төөнөп, тамак ичүүдөн баш тартып жаткандар - 1319 адам. (EBM)

XS
SM
MD
LG