Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:47

АКШ: Өзбекстан ислам кыймылынын эки мүчөсү "террорчу"


АКШ Өзбекстан ислам кыймылы жана Өзбекстан ислам жихади биримдигинин үч мүчөсүн “террорчулардын” тизмесине кошту.
Бул эки уюмду Вашингтон мурда террорчу уюм деп тааныган. Эми Ясин жана Мунир Чуканын Кошмо Штаттардагы бардык мүлк-дүйнөсү камакка алынат.

Марокко жана Германия жарандыгы бар ага-инилер "Өзбекстан ислам кыймылынын согушчаны, адам жалдагычы, арачысы, үгүтчүсү" деп аталат Мамдепартаменттин билдирүүсүндө. Ал эми Түркия жана Германия жарандыгы бар Мевлут Кар Өзбекстан ислам жихади биримдигинин “арачысы жана адам жалдоочусу” деп сыпатталат.

Бир тууган Чукалар Ооганстан-Пакистан чек арасында НАТО башындагы күчтөргө каршы аракеттенишкен, Кар болсо Ливияда “ал-Каиданын” бөлүмүн ачканга аракет кылган жана ага Ливия өкмөтү мурда издөө салганы белгиленет.

XS
SM
MD
LG