Бул тууралуу облус башчысы Койсун Курманалиева бүгүн Таласка иш сапар менен барган премьер-министр Өмүрбек Бабановго айтты. Облустагы мектептердин жарымына жакыны кайра курууну, оңдоону талап кылаары буга чейин айтылган болчу. Себеби эски имараттарда окуу кооптуу болууда. Мектептердин интернетке кеткен чыгымын айыл өкмөтү төлөйт деп айтылды. (MbA/RK)