Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:34

"Айкын багыт" фонду белгилүү мырзалардын ала качуу жөнүндө пикирин сураштыра баштады


"Айкын багыт" коомдук фондунун сурамжылоосуна биринчи болуп белгилүү кинорежиссер Нурбек Эген катышты. Анын пикиринде, ала качуу көйгөйүнүн негизги себеби жаштардын да, ата-энелердин да сабатсыздыгында. Проблеманы чечүүнүн негизги жолу катары Нурбек Эген уюлдук телефон аркылуу чыга ала турган атайын кыска номурдун ачылышын атады. "Ала качып кеткен кыздар дароо чала кала тургандай болуш керек" деп эсептейт ал. Ала качуунун курмандыгы болуп өз өмүрүн өзү кыйган, зомбулукка кабылган кыргызстандык кыз-келиндер боюнча маалымат чогулткан "Айкын багыт" фонду сурамжылоосун улантууда. Бул маалымат фонддун жетекчиси Мунара Бекназаровадан алынды. (RK)

XS
SM
MD
LG