Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:55

Пан Ги Мун Батыш менен Тегеранды диалогго чакырды


БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Батыш өлкөлөрү менен Иранды Тегерандын атомдук программасы боюнча сүйлөшүүлөрдү жандандырууга үндөдү. Давостогу экономикалык форумда сүйлөп жатып, Пан Ги Мун Иран диалогдун ыргагына кайра түшүүсү үчүн жооптуу деди.

Бир жылдай мурун Коопсуздук кеңешинин туруктуу 5 мүчөсү жана Германия менен Иран ортосундагы сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учураган. Ушул тушта Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин жогорку эксперттер тобу инспекция менен Тегеранга аттанганы жатат. Ноябрда агенттик Иран атомдук курал жасоого байланышкан иштерди жүргүзгөнү тууралуу далилдер бар экенин шардана кылган. Иран болсо мындай айыптоолорду четке кагып келатат.

XS
SM
MD
LG