Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:25

Абактарда ачкачылык токтотулду


Бул тууралуу “Азаттыкка” акыйкатчы Турсунбек Акун билдирди. Кечээ түшүндүрүү иштеринин натыйжасында түнкү саат он жарымда 6500 киши ачкачылыкты токтотту. Акыйкатчынын айтымында, бийлик түрмөдөгүлөрдүн саясий талаптарын аткарган жок, бирок алардын жашоо шарттарын жакшыртуу жагын карамай болду.

16-январда №1 тергөө абагында күч колдонуу менен жүргүзүлгөн пландык тинтүү абактагылардын нааразылыгын күчөтүп, жапырт ачкачылыкка алып келген. Анын негизинде 13 түрмөдө ачкачылык жарыялагандардын саны 6 миңден ашып, алардын 1300дөн ашууну оозун төөнөп алышкан. (AzK)

XS
SM
MD
LG