Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:35

Аялдар абагында ачкачылык акциясы токтой элек


Акыйкатчы Турсунбек Акундун “Азаттыкка” билдиришинче, ал жерде 250гө чукул аял ачкачылык акциясын улантууда. Аялдар абактагы турмуш шартты оңдоп берүүнү талап кылышууда. Ушул тапта Степное айылына акыйкатчынын эки өкүлү жөнөп кеткен. Аялдар абагындагы абалды жөндөө боюнча Жаза аткаруу кызматы, укук коргоочулар тарабынан аракет көрүлүп жатат.

Кечээ кечки саат он жарымда сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Кыргызстандагы абак жайларындагы ачкачылык токтотулгон. Азыр оозун төөнөп алгандар оозундагы зымдарын чечип, аларга медициналык жардам көрсөтүлүүдө. (AzK)

XS
SM
MD
LG