Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:28

Жазгы талаа жумуштарына 45 миң тонна күйүүчү май камдалды


Бул тууралуу “Азаттыкка” Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Жумакадыр Акенеев билдирди. Ушул тапта мамлекеттик запаста 18 миң тонна дизель майы жана 27 миң тонна бензин бар. Нефтетрейдерлер ассоциациясы менен түзүлгөн келишимге ылайык, февраль айынан баштап май айына чейин дыйкандар жергиликтүү май куйуу түйүндөрүнөн керектүү өлчөмдөгү май менен камсыз болмокчу. Ушул тапта Кыргызстанда жалпы 140 миң тонна күйүүчү май бар. (AzK)

XS
SM
MD
LG