Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:06

Казакстанда оппозиция демонстрациясында активисттер кармалды


Бүгүн Алматыда президент Назарбаевге жана соңку шайлоонун жыйынтыгына каршы акцияга оппозициянын миңге чукул колдоочусу чогулду. Уруксатсыз жыйын борбордук Жумурият аянтынын чет-жакасында өтүп, полиция ага кийлигишкен жок. Бирок "Азат" жалпы улуттук социалисттик демократиялык партия өз билдирүүсүндө бир нече киши, анын ичинде партиянын теңтөрагасы Жармахан Туякбайды тартип сактоочулар кармап кетишкенин маалымдады.

"Aзаттыктын" казак кызматы үч оппозиция өкүлү соттолуп, алардын бири 18, экөө 15 күнгө эркинен ажыратылганын билдирүүдө. Кармалгандарга айып салынды. Демонстрация мезгилинде оппозиция лидерлери демократиялык реформага жана Жаңы-Өзөндөгү кыргынды ачык иликтөөгө чакырышты.

"Азат" жалпы улуттук социалисттик демократиялык партиясынын теңтөрагасы Болот Абилов тынчтык жол менен демократиялык өзгөрүштү талап кылып, буларды кошумчалады:

- Биздин акчалар дайым уурдалып жатканы бизди тажатып бүттү. Бийликтер шайлоодо биздин миллиондогон добуштарыбызды уурдашат, анан бюжеттен миллиарддаган долларды жеп коюшат. Алар социалдык тирешке да май чачып жатышат.

Акцияга катышкан дагы бир активист "Жаңы-Өзөн окуялары боюнча тергөө жүргүзүлсүн. Анан бул кан төгүүгө жол берген мансап ээлери жазалансын", - деп айтты.

Ушул бейшембиде Жаңы-Өзөндөгү кандуу окуя боюнча бийликти сындаган оппозициянын эки өкүлү жана көз карандысыз бир журналист камакка алынган эле. Бул жумада Казакстандын баш прокуратурасы Жаңы-Өзөндө 16-декабрда тартип коргоочулар мыйзамдын чегинде аракеттенген деген билдирүү таркатты. Бирок төрт улук офицер азыр ашыкча күч колдонгон деген кине менен соттолуп жатат.

Президент Назарбаевдин кечээ билдиришинче, Жаңы-Өзөндө чукул кырдаал 31-январда токтотулат.

XS
SM
MD
LG