Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:45

Иранда МАГАТЭнин эксперттери жүрөт


МАГАТЭнин Иранга барган делегациясынын башчысы Херман Нэкертс.
МАГАТЭнин Иранга барган делегациясынын башчысы Херман Нэкертс.
Өлкөнүн тышкы иштер министри Али Акбар Салехи бул визитке байланыштуу оптимисттик көз карашын билдирди:

- Эки ооз сөз менен айтканда, мен бул визитке оптимизм менен карап жатам. Албетте бир заматта эле керемет жарала койбойт, бирок узак жол алгачкы кадамдан башталат.

Али Акбар Салехинин ырастоосунда, визит учурунда МАГАТЭнин эксперттери Ирандын өзөктүк жайларынын баарына бара алышат.

Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттиктин Тегеранга кечээ барган эксперттери шейшембиге чейин Ирандын талаштуу өзөктүк программасы боюнча суроолорго жооп алууга аркеттенет.

МАГАТЭнин буга чейин ноябрда жарыяланган баяндамасында Ирандын өзөктүк программасынын аскерий өңүттөрү болушу мүмкүндүгү белгиленген.

Азыркы визитти утурлай МАГАТЭ миссиясынын башчысы Херман Нэкертс Тегеранды алар менен тыгыз кызматташууга чакырды.

Иран парламентинин спикери Али Ларижани болсо визит МАГАТЭ үчүн “сынак” экендигин, Иран ал “Батыштын аспабына” айланбастан, кесипкөйлүк менен аракеттенсе гана кызматташарын белгиледи.

МАГАТЭ эксперттеринин бул визити алдында Евробиримдик Иранга мунай эмбаргосун киргизип, анын борбордук банкынын активдерин тоңдуруу чечимине келген. Ушундай эле кадамды АКШда жасаган.

Батыш өлкөлөрү Иран өзөктүк программасына жамынып алып, өзөктүк курал жасайбы деп кооптонот.

XS
SM
MD
LG