Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:16

Кара-Суу: Жер титирөөдөн эки турак үй жабыркады, эл аман


Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда 29-январдын таңында болгон жер титирөөдөн эки турак үй жабыркады, адам өмүрүнө залака тийген жок. Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов билдирди.

ӨКМнын Ош облустук башкармалыгынын ыкчам тобу Кара-Дөбө айылында иликтөө иштерин жүргүздү. Жер титирөөнүн кесепетинен Т. Кабыловдун турак үйүнүн дубалдарынан жарака кетип, дубалы чалкалаганы аныкталган. Ал эми үйү жабыркаган дагы бир тургун - Э.Эрмековдун турак үйү 2008-жылы авариялык абалда болуп, үй ээсинин өзүнүн өтүнүчү боюнча 50 миң сом өлчөмүндө ссуда алгандыгы аныкталган.

Кечээ эртең менен саат 7.26да жер титирөөнүн очогу Ош шаарынан 25 чакырым түндүк-чыгышта катталып, күчү 4,5 баллга жеткен.

Силкинүү күчү Ош шаары жана Кара-Суу районунда 4 балл, Кара-Суу районунун Кара-Дөбө айылында 4,5 баллга жеткен. (RK)

XS
SM
MD
LG