Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:44

Израилдин учкучсуз учагы кыйрады


Израиль армиясынын учкучтун башкаруусуз уча алуучу “Эйтан” аппараттарынын эң алдыңкы үлгүсү жекшемби күнкү сыноо маалында кыйраган. Аскерий өкүлдөрдүн айтымында, авариядан жабыр тарткандар болгон жок. Анын себептери расмий айтыла элек. Бирок жергиликтүү маалымат каражаттарынын кабарларына караганда, кыйроого аппараттын канатындагы бузулуулар алып келиши мүмкүн. Чыгымдын акчалай өлчөмү 10 миллион долларга бааланууда.

Көлөмү “Боинг -707” учагы менен барабар “Эйтан” аппраты абада 36 саат тынымсыз жүрүп, 13 чакырым бийиктикке чейин көтөрүлө алат. Учкучсуз башкарылуучу бул аппарат Иранга чейин учуп барууга жөндөмдүү. Израиль Ирандын өзөктүк программасын өз коопсуздугу үчүн башкы коркунуч деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG