Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:05

АКШ элчилигине барган митингчилер Транзиттик борборду жабууну талап кылышты


Бүгүн АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин алдында отуздай адам чогулган митинг өттү. Алар Бишкектин четиндеги "Манас" аэропортундагы Транзиттик жүк ташуулар борборунун жабылышын талап кылышты. Акциянын уюштуруучусу, "Асыр" жаратылышты коргоо бейөкмөт уюмунун жетекчиси Карыпбек Сереновдун "Азаттыкка" билдиришинче, Аламүдүн жана Москва райондорунун айрым айылдарында Транзиттик борбордун учактарынан аба булганып жатат. Бул маселени жергиликтүү калк өкүлдөрү 2007-жылдан бери көтөрүп келатышат. 2007-2008-жылдары келтирилген экологиялык зыянды митингчилер 305 миң доллар деп эсептеп, ушул сумманы америка өкмөтү төлөп бериши керек дешүүдө.

Маселен, бирөөнүн малы жок болду, бирөөнүн 5 гектар буудайы, бирөөнүн 25 гектар буудайы болбой калды, - дейт Карыпбек Серенов.

Сереновдун айтымында, мындай талаптар менен нааразылык акциялар элчиликтин алдында буга чейин да бир нече жолу өткөн. Анда экономикалык, экологиялык гана талаптар коюлчу. Бирок митингчилердин талабы жоопсуз калып келаткандыктан, бүгүнтөн тарта маселе саясый өңүттө коюлуп, Транзиттик жүк ташуулар борборунун жабылышы талап кылынмай болду.

Ооганстандагы антитеррордук операция үчүн колдонулуп келаткан Транзиттик борбор боюнча Кыргызстан менен АКШ өкмөттөрүнүн ортосундагы келишимдин мөөнөтү 2014-жылы аяктайт. (RK)

XS
SM
MD
LG