Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:18

Бээжин: Батышты Сычуандагы коогалаң үчүн сындады


Кытайдын өкмөттүк маалымат булактары Батышты өткөн жумада Сычуань провинциясында болгон тополоңду туура эмес чагылдырды деп сындады. “Кээ бир Батыш өлкөлөрү жана өзүн сүргүндөгү Тибет өкмөтү деп атаган уюмдун коогалаңга көңүл буруп, натуура чагылдырганы өтө кызык”, - деп жазды англис тилиндеги “China Daily” гезити. Эзелтен тибеттиктер жашаган Сычуань провинциясындагы өткөн жумадагы кагылышта үч киши набыт болгону маалымдалган. Буга байланыштуу АКШ “терең тынчсыздануу” билдирген. “Чайна Дейли” тибеттиктердин сүргүндөгү руханий көсөмү Далай Ламаны “чыныгы мүдөөсүн диндин аркасына жашырууда” жана аны Кытайга каршы тукуруу үчүн Батыш өкмөттөрү каржылайт деп жазды. Далай Лама Тибетти 1959-жылы таштап кеткен жана регион автономиялуу болуусун жактайт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG