Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:55

“Коста Конкордия” дагы 10 ай суу астында калат


Италиянын жээгинде деңизге чөккөн кемени чыгарууга 10 ай кетиши мүмкүн. Бул жөнүндө Италия бийликтери кабарлады. Катаал аба ырайына байланыштуу кемедеги 1, 8 миллион тонна күйүүчү майды сордуруу иштери жана кырсыкта жоголгон адамдардын жасаттарын издөө жекшемби күнү убактылуу токтотулган эле. Ишемби күнү кеменин экипажынын перулук 17 мүчөсүнүн жасаты табылган. Экипаждын мүчөлөрү жана жүргүнчүлөр болуп, дагы он беш адамдын сөөгү табыла элек. Жер Ортолук деңизи боюнча крузиге чыккан “Коста Конкордия” деңиз лайнери 14-январга караган түнү Италиянын жээгинде кырсыкка кабылганда анын ичинде 4229 адам болгон.

XS
SM
MD
LG