Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:49

Токтогул жана Ноокат райсотторунун эки судьясын жоопко тартууга макулдук берилди


Кыргызстандын Судьялар кеңеши Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук сотунун судьясы Жунусмамат Эгембердиевди жана Ош облусунун Ноокат райондук сотунун судьясы Марс Исмановду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берди. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жогорку Соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиев билдирди. Эки судьяны тең Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө башкармалыгы "пара алды, кызматынан кыянаттык менен пайдаланды" деп айыптап жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG