Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:34

Коррупцияга каршы стратегия кабыл алынды


Коргоо кеңеши коррупцияга каршы мамлекеттик саясаттын стратегиясын кабыл алды. Жаңы стратегия коррупцияга каршы жарандык көзөмөлдү күчөтүүнү, коомчулук арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, паракорчулуктун бетин ачуунун жолдорун жакшыртууну көздөйт.

Кечээ Коргоо кеңеши коррупция маселесин талкууга алып, анда паракорчулукка каршы күрөшүү бийликтин баардык бутактарынын негизги максаты деп жарыяланды. УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы кызматтын жетекчилигине бул жылдын биринчи кварталынын аягына чейин коррупцияга каршы күрөш боюнча натыйжага жетишүү милдети тапшырылды.

Коррупциянын деңгээлин аныктаган эл аралык “Транспэренси Интернешнл” уюмунун 2011-жылкы баяндамасына ылайык, Кыргызстан 180 өлкөнүн ичинен 166-орунду алган. (KKs)

XS
SM
MD
LG