Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:16

МАГАТЭ эксперттеринин Ирандагы сапары бүгүн аяктайт


МАГАТЭ эксперттери үч күндүк сапарын Иран тышкы иштер министри Али Акбар Салехинин сапар мөөнөтүн узартуу жөнүндөгү сунушуна карабай бүгүн аяктап жатат.

Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттиктин тобу Ирандын өзөктүк программасы боюнча ноябрдагы баяндамада камтылган айрым суроолорго жооп алууну көздөөдө.

Ал баяндамада Ирандын өзөктүк программасынын кээ бир өңүттөрү аскерий максатка багытталган болушу мүмкүндүгү белгиленген. Баяндаманы калыс эмес деп эсептеген Тегеран аны четке каккан.

Али Акбар Салехи МАГАТЭ эксперттеринин бул жолку тыянагы Ирандын өзөктүк программасы боюнча чыңалууну басаңдатууга көмөктөшөрүнө ишеним билдирди. (UE)

XS
SM
MD
LG