Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:51

1-февралга карата аба ырайы


Шашылыш эскертүү
1-3-февралда жаан-чачын, карга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоолуу унаа жолдорунда кар көчкүсү болушу күтүлүүдө. Кар күрткүсү болот жана жолдордо муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо коопсуздукту камсыз кылуу үчүн жолго чыккан унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты так кармоо керек.

Аба ырайы
1-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысы-Көл жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -10...-15, күндүз 0...-5,
Талас облусунда түнкүсүн -11...-16, күндүз 0...-5,
Баткенде түнкүсүн -7...-12, күндүз -2...+3 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -6...-11, күндүз -2...+3,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -5...-10 градус, күндүз 0...-5,
Нарында түнкүсүн -20...-25, күндүз -10...-15,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -29...-34, күндүз -15...-20,
Тоолордо түнкүсүн -21...-26, ал эми күндүз -11...-16 болот.

Бишкекте дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 12...14 градус суук, күндүз 1..3 градус суук болот.

XS
SM
MD
LG