Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:43

Прокурор диний касташуу боюнча соттук териштирүүнү токтотуш керек деди


Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралып жаткан диний касташуу боюнча кылмыш иш актуалдуулугун жоготкондуктан, мындан аркы териштирүүнүн кереги жок. Мындай өтүнүч менен сотко бүгүн прокурор кайрылды. Соттун чечими эртең чыгат.

Турусбек Сагынбаев аттуу жаран «Тай тебиш» улуттук спорт өнөрүн түптөгөн Кубанычбек Тезекбаевдин айткандары мусулмандардын аброюна шек келтирип жатат деп УКМКга жана Баш прокуратурага арызданган. УКМК Тезекбаев диний касташууну козутту деген негизде кылмыш ишин ачкан.

Бирок Тезекбаев мындай айыптоону негизсиз деп атады. Талдоочулар бул окуяны ислам динин тутунгандар менен улуттук салтты артык койгондордун тиреши катары сыпатташууда. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG