Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:53

ЕККУнун Улуттук азчылыктар боюнча өкүлчүлүгүнүн Кыргызстандагы иши талкууланды


Президент Алмазбек Атамбаев Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун улуттук азчылыктар боюнча өкүлү Кнут Воллебекти кабыл алды. Жолугушууда өлкөдөгү улуттар аралык мамилелер маселеси талкууланды. Президент бул багытта мамлекет тарабынан жасалып жаткан иштер тууралуу айтып берди. ЕККУ өкүлү Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан долбоорлор жөнүндө айтып, келечегине токтолду.

Өлкөдө "Мекеним Кыргызстан" аттуу этностук саясат жана коомчулукту баш коштуруу концепциясы иштелип чыккан. Анын 2015-жылга чейин делген аткарылыш планы бар. Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда сексенден ашуун улуттун өкүлү жашайт. 10-15 улуттун өкүлдөрүнөн турган айылдар бар. (RK)

XS
SM
MD
LG