Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:51

Аксы окуясы боюнча соттолгон Кудайбергеновдун көзөмөл арызын башка соттук курам карайт


Аксы окуясы боюнча соттолгон Жалал-Абад облусунун мурдагы прокурору Зоотбек Кудайбергеновдун көзөмөл арызын Жогорку Сотто башка соттук курам карайт. Мындай чечим бүгүн кабыл алынганын Жогорку Соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиев билдирди.

2008-жылы Кыргызстандын Аскердик соту Кудайбергеновду Аксы окуясы боюнча күнөөлүү деп, 4 жылга шарттуу түрдө кескен. Бирок ал кийин Жогорку Сотко көзөмөл арыз менен кайрылган. Соттун бүгүнкү отурумунда жабырлануучу тараптын соттук курамды алмаштыруу талабы канааттандырылды.

2002-жылы Жалал-Абад облусунун Аксы районунда митингге чыккан элге ок атылып, 6 киши набыт болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG