Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:39

Тимошенконун ден-соолугун чет өлкөлүк доктурлар текшерет


Украинанын экс-өкмөт башчы Юлия Тимошенконун ден соолугун чет өлкөлүк доктурлар текшеришет. Тышкы иштер министрлиги доктурлардын тизмесин даярдап бүттү. Тимошенко отурган абактын жетекчилиги маалымдаганына караганда, Канада, Германия жана Эл аралык кызыл чырым уюмунун адистери чакырылат. Текшерүү качан болоору азырынча белгисиз.

Тимошенкого кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып тагылып, былтыр октябрда 7 жылга түрмөгө кесилген. Экс-премьердин тарапкерлери анын саламаттыгы кескин начарлаганын айтып, көз карандысыз медициналык текшерүүнү талап кылышкан.

XS
SM
MD
LG