Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:55

Украинада катуу сууктан 30 киши ажал тапты


Украинада катуу сууктан 5 күндүн ичинде 30 киши тоңуп өлдү. Бул маалыматты өлкөнүн чукул кырдаалдар министрлиги бышыктады. Буту-колун үшүккө алдырган дагы 500дөй киши доктурларга кайрылышкан. Жапа чеккендердин көбү үй-жайсыз селсаяктар деп айтылууда. Украинанын айрым жерлеринде абанын температурасы 33 градуска чейин төмөндөп кеткен.

XS
SM
MD
LG