Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:42

MegaCom жамааты бийлик башчыларына кайрылды


MegaCom уюлдук байланыш операторунун ээси “Альфа Телеком” ишканасынын жамаааты Кыргызстандын президенти, өкмөт башчысы жана Жогорку Кеңештин спикерине компанияда түзүлгөн соңку кырдаал боюнча кат менен кайрылды. Ишкананын басма сөз кызматы кабарлагандай, жамаат Азамат Мурзалиев баштаган жетекчилер компанияны өз көзөмөлүнө алууну каалаган кызыкдар тараптын аракеттеринин курмандыгы болду деп эсептейт. Мындан улам бийлик башчыларын окуяны тыкыр иликтеп, кызыкдар адамдардын аракетине бөгөт коюга чакырууда.

30-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Коррупцияга каршы күрөш кызматы MegaCom компаниясында текшерүү жүргүзүп, кирешесин чыгарып кеткен, менчиктеп алган жана акча каражатын ысырап пайдаланган учурлар аныкталганын, жалпы 142 млн. сомдон ашык зыян келтирилгенин кабарлаган. Бул факт боюнча Кылмыш Кодексинин коммерциялык уюмдун кызматкеринин укуктарын ашыкча пайдалануу, ишенип берилген мүлктү кыянаттык менен пайдалануу, жасалма документ, көз боемочулук беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Натыйжада “Альфа Телеком” жабык акционердик коомунун башкы директору Азамат Мурзалиев, жоопкерчилиги чектелген “Новострой Сервис” коомунун башчысы Аман уулу Кенжебек жана “Альфа Телекомдун” башкы директорунун кеңешчиси Алмазбек Абеков кылмышка шектүү деп, тергөө абагына камакка алынган. (KKs)

XS
SM
MD
LG